Сүрөттүн автордук укугу EPA Image caption Дүйнөлүк коомчулук жаңы коронавирустун жайылып кетишинен чочулап турат

Дем алуу органдарын сезгенткен Кытайдан табылган жаңы коронавирустан 81 киши каза таап, 3 миң киши жуктуруп алганы белгилүү болду.

Кытайда пайда болуп, кеңири тарап жаткан вирустун түрүн дарыгерлер мыкты билет. Коронавирус 38 түрү камтылган вирустардын үй-бүлөсүнө кирет. Алардын алтоо (жаңы вирус менен жетөө) кишини оорутат.

Коронавирустар буга чейин дагы кооптуу абалды жараткан. Маселен, 2003-жылы "Дем алуу органдарынын синдрому" же SARS, 2012-жылы "Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому" же MERS кеңири жайылып, жүздөгөндөрдүн өмүрүн алган.

Би-Би-Си бул вирус эмне себептен капысынан пайда болорун жана алар эмнеге кооптуу экенин түшүндүрүп берет.

  • Ухандагы жашоо: "Коңшулар тирүү калабыз деп, мас жүрүшөт"
  • Си Цзиньпин: Коркунучтуу вирус тездик менен жайылууда
Кооптуу коронавирус эмнеден пайда болот?

SARS, MERS эми 2019-nCoV вирусу жаныбардан адамга жукту деген түшүнүк калыптанган. Жаныбарлар адамга кооптуу болгон вирустарды алып жүрөт. Бирок алар сейрек учурда адамга жугат.

"Негизи жаныбарлар алып жүргөн вирустар адамга жукпайт. Бирок кишинин иммунитети алсыз болуп жана башка факторлор кошулуп калса, вирус өтө сейрек учурда жаныбардан адамга жугушу ыктымал",-дейт Уорик университетинин окумуштуусу Эндрю Истон.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters Image caption Кытайдын дарыгерлери коргой турган киймдерди кийип алып, вирусту жуктургандарга жардам берүүдө

Вирус адамга жуккандан кийинки мутация жараяны коркунучтуу.

"Вирус жаңы жана ылайыксыз организмде жашап кетүү үчүн өзгөрүшү керек",-дейт окумуштуу.

Ошондуктан коронавирус адамга жукканда, анын мутацияланганы өтө кооптуу абалды түзүшү ыктымал. Коронавирустун баары кооптуу деп айтууга да болбойт. Адам коронавирустун агрессивдүү эмес түрү менен көп эле кездешет.

  • Коркунучтуу вирусту таратпоонун айласы: эки шаар блокадага алынды
  • Ракты айыктыруу: британ окумуштуулары "универсалдуу ыкманы" табышты

Мутацияланган коронавирус эмнеге кооптуу?

"Коронавирус бир түрдөн экинчиге өткөндө, жаңы организмде жашап кетүүгө умтулат. Ошондой учурда вирус абдан күчтүү болот",-дейт Эндрю Истон.

Вирус жаныбардан адамга жукканда, кишинин иммунитети аны менен күрөшө албай калат. Себеби иммунитет мурда мындай вирус менен күрөшүп көргөн эмес.

Дал ушундай абалга сасык тумоонун жаңы түрүнө туш болгон адам дагы кептелет.

Сүрөттүн автордук укугу AFP Image caption Ухань шаарына баргандар текшерилүүдө

Коронавирус 1918-1919-жылдары кеңири тарап, 50 миллионго чукул киши каза тапкан. Бул вирус канаттуулардан жукканы айтылат. Кытайда чыккан инфекция дал ушундай жагдайды жаратат деп айтууга эч кандай далил же негиз жок. Бир гана дарыгерлер алдын ала чараларды көрүүгө умтулууда.

Коронавирус өтө тез жайылып кетиши мүмкүнбү?

Вирус жаныбардан адамга жаңы жуккан кезде, ал тез жайылып кете албайт. Бирок жаңы организмге көнгөндөн кийин вирус тез жайылып, кооптуу жагдайды түзүшү ыктымал.

Сүрөттүн автордук укугу Magnum Photos Image caption Коронавирус латынча "таажы" деген сөздөн чыккан. Анын көрүнүшү таажыга окшош

"Вирустар, анын ичинде коронавирус өтө тез мутацияланат",-дейт окумуштуу Эндрю Истон.

Ошондуктан вирус аз мөөнөттүн ичинде кеңири жайылышы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images Image caption Жаңы вирус мутация болуп, адамдан адамга жуга баштады

"Иммунитети алсыз адамга вирус жукса, жаңы инфекция мурунку ооруларды козгойт. Ал эми иммунитети күчтүү адам вирус жукпай деле калышы мүмкүн. Айрым вирустар тез жайылат, башкалары жай. Азыркы учурда жаңы коронавирус канчалык тез же жай жайылары аныктала элек",-дейт окумуштуу.

Вирус кеңири жайылса эмне кылуу керек?

Вирустардын жайылышын токтотууга дары-дармек жардам бербей калышы ыктымал. Ага карабастан "вируска каршы күрөшкөн каражаттар абдан көп", дейт Эндрю Истон.

Вирусту жайылтпоонун оңой жолдору бар. Маселен, үйгө киргенде колду самындап жуу, көчөдө медициналык маска тагынуу.

Сүрөттүн автордук укугу AFP Image caption Эң жөнөкөй ыкмалар вирустун жайылышын токтотот. Мындай учурда жеке гигиенага өзгөчө көңул буруу керек

"Гигиенанын негизги эрежелерин кармануу абдан маанилүү. Учурда инфекцияга каршы вакцина жок болгондуктан, вирус менен күрөшүүдө гигиена абдан маанилүү ролду ойнойт", -дейт британиялык окумуштуу.

Андан тышкары вирусту жуктургандарга тез жардам берүү дагы маанилүү.

Сүрөттүн автордук укугу AFP Image caption Жүргүнчүлөрдү текшерүүдө атайын жабдыктар колдонулууда

"Вирусту жуктургандарды тез аныктап, аларга жардам көрсөтүү дагы вирустун жайылышын алдын алат",-деди Эндрю Истон.

SARS менен MERS коронавирустар жайылганда, мындай инфекциялардын тарап кетишин токтотуу үчүн атайын механизмдер иштелип чыгарылган. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер кооптуу вирус чыкканда кандай чараларды ишке ашыруу керек экенин так билишет.

Дарыгерлер бул механизмдер азыр пайда болгон же келечекте чыккан кооптуу вирустардын жайылышын токтото алат деп ишендирүүдө.